
Дайджест сентябрь 2025
Завершился первый месяц осени и он тоже был наполнен спортивными событиями. И мы хотим поделиться с вами тем, что происходило на стартах и за его пределами.
INDOOR TRIATHLON SERIES #4
Бишкек l Триатлон-центр
В Триатлон-центре прошёл четвёртый этап серии INDOOR TRIATHLON SERIES, включённой в календарь Федерации триатлона Кыргызстана на 2025 год.
Формат этапа — спринт:
750 м плавание (в бассейне),
20 км велоэтап (на велостанке),
5 км бег (на дорожке).
В соревнованиях приняли участие как профессиональные спортсмены, так и любители триатлона. Участники были разделены на три возрастные категории:
18–29 лет
30–39 лет
40+
Формат INDOOR отличается компактной и контролируемой средой — все этапы проходят в помещении, что позволяет максимально сосредоточиться на технике и тактике прохождения дистанции.
Серия включает семь этапов, четвёртый из которых стал важной проверкой текущей формы для многих участников. Несмотря на закрытый формат, гонка прошла в соревновательной атмосфере с высокой плотностью результатов. С результатами вы также можете ознакомиться на нашем сайте во вкладке "результаты".
INDOOR TRIATHLON SERIES продолжает набирать популярность, становясь доступной платформой как для начинающих триатлетов, так и для опытных спортсменов, готовящихся к соревнованиям на открытом воздухе.
Күздүн биринчи айы жыйынтыкталды – ал да спорттук окуяларга бай болду. Биз сиздер менен башкы учурларды бөлүшкүбүз келет!
INDOOR TRIATHLON SERIES #4
Бишкек | Триатлон-борбор
Триатлон-борбордо 2025-жылга карата Кыргызстандын триатлон федерациясынын календарына киргизилген INDOOR TRIATHLON SERIES мелдештеринин төртүнчү этабы өттү.
Мелдештин форматы — спринт:
50 м сүзүү (бассейнде)
20 км велосипед (велотренажёрдо)
5 км чуркоо (жүгүрүү жолунда)
Мелдешке профессионал спортчулар да, триатлонду сүйгөн ышкыбоздор да катышты. Катышуучулар жаш курактык категорияларга бөлүндү:
18–29 жаш
30–39 жаш
40+
INDOOR-форматтын өзгөчөлүгү — бардык этаптар имараттын ичинде өтөт. Бул катышуучуларга техниканы жана тактиканы мыкты аткарууга көңүл бурууга шарт түзөт.
Бул этап көптөгөн спортчулар үчүн учурдагы формасын текшерген маанилүү мелдеш болду. Жабык форматка карабастан, таймаш жогорку атаандаштыкта жана тыгыз жыйынтыктар менен өттү.
Толук жыйынтыктарды биздин сайттан «жыйынтыктар» бөлүмүнөн көрө аласыздар.
INDOOR TRIATHLON SERIES барган сайын популярдуулукка ээ болуп, триатлонго жаңыдан кызыккандарга да, ачык абадагы мелдештерге даярданган тажрыйбалуу спортчуларга да ыңгайлуу аянтча болуп келе жатат.
Участие сборной КР на Asia Triathlon Cup Turkestan 2025
С 26 по 28 сентября в городе Туркестан (Казахстан) состоялся Asia Triathlon Cup Turkestan 2025, собравший сильнейших спортсменов из 12 стран. Кыргызстан был представлен как спортсменами, так и официальными судьями.
Наши атлеты — Игорь Измайлов и Ралина Артыкходжаева — достойно выступили на этом международном старте. В категории Junior Women на спринтерской дистанции Ралина Артыкходжаева завоевала серебряную медаль с результатом 1:09:26.
А среди любителей на олимпийской дистанции (1,5 км плавание + 40 км вело + 10 км бег) Игорь Измайлов занял 1-е место в своей возрастной категории, финишировав с результатом 2:18:28.
Соревнования проходили по следующим категориям:
Elite — стандартная дистанция среди профессиональных атлетов.
Junior — спринт среди юниоров
Age Group — любительские категории на стандартной дистанции.
Особой честью для всех участников стало присутствие легенды мирового триатлона — Марка Аллена, шестикратного чемпиона мира Ironman.
Также с гордостью отмечаем, что на данных соревнованиях были задействованы судьи из Кыргызстана, прошедшие обучение в июле этого года. Это был их первый международный старт, где они успешно применили полученные знания и подтвердили свою квалификацию.
Это важный шаг в развитии судейского корпуса и повышении профессиональных стандартов внутри сообщества триатлетов Кыргызстана.
Федерация триатлона Кыргызской Республики благодарит организаторов за высокий уровень проведения соревнований и продолжает укреплять международные связи и развивать триатлон в стране на всех уровнях — от спортсменов до судейского состава.
Азия триатлон кубогу Туркестан 2025 мелдешине КР курама командасынын катышуусу
2025-жылдын 26–28-сентябрь күндөрү Казакстандын Түркстан шаарында 12 өлкөнүн эң мыкты спортчуларын чогулткан Asia Triathlon Cup Turkestan 2025 мелдеши болуп өттү. Кыргызстан бул эл аралык иш-чарага спортчулар жана расмий калыстар менен катышты.
Биздин спортчулар — Игорь Измайлов жана Ралина Артыкходжаева — бул эл аралык стартта татыктуу деңгээлде чыгып, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүштү.
Junior Women категориясында, спринт аралыкта Ралина Артыкходжаева 1 саат 09 мүнөт 26 секунддук жыйынтык менен күмүш медаль утуп алды.
Ал эми Age Group (олимпиялык аралык: 1,5 км сүзүү + 40 км велосипед + 10 км чуркоо) категориясында Игорь Измайлов өзүнүн жаш курактык тобунда 1-орунду ээледи. Анын жыйынтыгы — 2 саат 18 мүнөт 28 секунд.
Мелдештер төмөнкү категориялар боюнча өткөрүлдү:
Elite — кесипкөй спортчулар үчүн стандарттык аралык.
Junior — жаштар арасында спринт аралыгы.
Age Group — сүйүүчүлөр (аматёрлор) үчүн стандарттык аралык.
Бардык катышуучулар үчүн өзгөчө сыймык — дүйнөлүк триатлон легендасы, Ironman боюнча алты жолку дүйнө чемпиону Марк Аллендин катышуусу болду.
Ошондой эле биз сыймыктануу менен белгилеп кетебиз: бул мелдеште Кыргызстандык калыстар да иштешти. Алар быйыл июль айында эл аралык даярдык курстарынан өтүшүп, бул алардын биринчи эл аралык калыстык тажрыйбасы болду. Калыстар мелдеш учурунда өз билимдерин ийгиликтүү колдонуп, өз квалификациясын тастыкташты.
Бул окуя — Кыргызстандын триатлон коомчулугунда калыстар корпусун өнүктүрүү жана кесипкөйлүк стандарттарын жогорулатуу жолундагы маанилүү кадам болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Триатлон федерациясы мелдештин уюштуруучуларына жогорку деңгээлде өткөрүлгөн иш-чара үчүн ыраазычылык билдирет жана эл аралык кызматташууну чыңдап, триатлонду өлкө ичинде бардык деңгээлде — спортчулардан тартып калыстарга чейин — өнүктүрүүнү улантат.
«Железные люди» из Кыргызстана — в числе сильнейших на международных стартах в Южной Корее
Горы, ветер с моря и настоящая проверка на выносливость — именно в таких условиях прошли международные соревнования по триатлону, собравшие спортсменов со всего мира. Среди них — команда из Кыргызстана, которая не только достойно выступила, но и вошла в число лучших.
Алёна Пучкина показала выдающийся результат, завоевав второе место и пройдя всю дистанцию с итоговым временем 10:45:18. Это — не просто цифры, а символ огромной работы, стойкости и спортивного духа.
В мужской части соревнований наши спортсмены также не остались в стороне: Семён Данилов уверенно финишировал с результатом 10:35:53 Николай Ли завершил гонку с достойным временем 12:08:35
Каждый из них преодолел личный вызов, показав, что, атлеты из Кыргызстана способны бороться на равных с сильнейшими представителями мирового триатлон-сообщества.
Но этот старт стал особенным не только с точки зрения спортивных результатов. Сразу за финишной аркой, уставшие, но счастливые, Семён Данилов сделал предложение руки и сердца своей коллеге по команде — Алёне Пучкиной. В этот момент они показали, что спорт — это не только борьба за секунды, медали и рекорды, и не только преодоление себя. Иногда главным призом становится не победа в гонке и даже не долгожданное место на пьедестале, а союз двоих, рожденный из общих интересов, усилий и увлечений.Такой союз может стать опорой, с которой легче преодолевать другие, уже жизненные — финишные линии.
Федерация триатлона Кыргызской Республики поздравляет спортсменов с мощным выступлением и благодарит за то, что вы несёте флаг страны на международных стартах с честью, силой и вдохновением.
Горы покоряются тем, кто готов идти до конца. Спорт — это не только достижение целей, но и путь, на котором можно найти любовь, партнёрство и силы для новых побед — не только на дистанции, но и в жизни.
Кыргызстандын “Темир адамдар” командасы — Түштүк Кореядагы эл аралык мелдештерде мыктылардын катарында
Түштүк Корея, Гурё — 2025-жыл.
Тоолор, деңизден согон шамал жана чыдамкайлыкка чыныгы сыноо — дал ушундай шарттарда дүйнөнүн ар тарабынан келген спортчулар катышкан эл аралык триатлон мелдеши болуп өттү. Алардын арасында — татыктуу жыйынтык көрсөткөн жана мыктылардын катарына кирген Кыргызстандын командасы да болду.
Алёна Пучкина өзгөчө жыйынтык көрсөтүп, 2-орунду ээледи. Ал толук аралыкты 10 саат 45 мүнөт 18 секунд жыйынтык менен аяктады. Бул жөн гана сандар эмес — бул анын чоң эмгегинин, чыдамкайлыгынын жана спорттук духунун символу.
Эркектер арасындагы мелдештерде да биздин спортчулар өз күчүн көрсөтүштү:
Семён Данилов — ишенимдүү финиш жасап, 10:35:53 убакыт менен жыйынтыктады;
Николай Ли — мелдешти 12:08:35 убакыт менен аяктап, татыктуу жыйынтык көрсөттү.
Ар бири жеке сыноосунан өтүп, кыргыз спортчулары дүйнөлүк триатлон коомчулугунун эң күчтүү өкүлдөрү менен тең тайлаша алаарын далилдешти. Бирок бул старт спорттук жыйынтыктар менен гана өзгөчөлөнгөн жок. Финиш сызыгынан өтөрү менен, чарчаган, бирок бактылуу Семён Данилов өз командадагы өнөктөшү Алёна Пучкинага колу жана жүрөгү менен өмүрлүк жубай болуу сунушун жасады.
Бул учур спорт — бул жөн гана секунддар, медалдар же рекорддор үчүн күрөш эмес экенин, ал өзүн жеңүү менен катар адамдык баалуулуктарды да камтый турган дүйнө экенин көрсөттү.
Кээде эң башкы сыйлык — мелдештеги жеңиш эмес, турмуштук марафондо табылган сүйүү, өнөктөштүк жана биримдик болот. Ушундай союз адамга жаңы фиништик сызыктарды — бул ирет жашоодогу — жеңил өтүүгө күч берет.
Кыргыз Республикасынын Триатлон федерациясы спортчуларды күчтүү жана шыктануу менен өткөн бул жарыш үчүн куттуктайт жана ыраазычылык билдирет. Сиздер Кыргызстандын туусун дүйнөлүк аренада намыс, күч жана дем менен көтөрүп келатасыздар! Тоолор чыныгы максатына жетүүнү каалагандарды гана багындырат.Спорт — бул жөн гана максаттарга жетүү эмес, бул — сүйүүнү, өнөктөштүктү жана жаңы жеңиштерге шыктанууну табуучу жол.
