Дайджест: август 2025 - Федерация Триатлона Кыргызской Республики
Главная Новости Дайджест: август 2025
Дайджест: август 2025
02 сентября 2025

Август для Федерации триатлона Кыргызстана выдался богатым на события и спортивные достижения. Наши любители принимали участие в соревнованиях международного уровня в Узбекистане, России, Чехии и Франции, показав достойные результаты и укрепив позиции кыргызстанского триатлона на мировой арене.

Федерация триатлона Кыргызстана поздравляет всех участников с успешными результатами и желает новых побед в предстоящих стартах!

Ниже делимся кратким обзором о соревнованиях в которых принимали участие члены ФТКР и команда.

Чемпионат Азии — два золота для Кыргызстана

Яркое  событие состоялось в Стамбуле — Чемпионат Азии по триатлону на олимпийскую дистанцию.

Тренеры Триатлон-центра Кыргызстана завоевали сразу два золота, доказав высокий уровень подготовки и силы духа:

Андрей Ханадеев2:40:57
Артём Шапилов2:17:54


Победа в Самарканде

В начале августа состоялся старт Challenge Samarkand, где приняли участие члены ФТКР.
Денис Лыжин финишировал с результатом 4:55:21.
Юлия Морозова показала время 6:44:49 и завоевала слот на Чемпионат мира Challenge Samorin



Экстремальная половинка на Алтае

Особого внимания заслуживает участие нашего спортсмена, члена ФТКР Кубата Алымкулова, в экстремальном старте на Алтае (Россия). Соревнование отличалось сложными природными  условиями.
Кубат поделился эмоциями о том, как проходил трассу:

Плавание: старт в 5 утра после шаманского обряда у костра, температура воды — 11–12 градусов. Благодаря подготовке и опыту старт на высокогорном озере Чейбекёл прошёл уверенно.
Велоэтап: трасса по живописному Чуйскому тракту, набор высоты около 1 000 м.
Бег: настоящий вызов — 23 км, из которых 16 км представляли собой хайкинг с набором 1 700 м и финишем на вершине горы у Акташского ретранслятора.

«Самым сложным оказался бег — питания было рассчитано на 2 часа, а путь занял более четырех» - отметил Кубат.


Успехи в Чехии

Кыргызстанские триатлеты также выступили на старте IronMan 70.3 Hradec Kralove (Чехия). Результаты членов ФТКР:

Мырзабек Орумбаев05:13:46
Мурат Ашимов05:20:39

Байкал Малдыбаев06:26:37
Канат Курманов06:27:31


Подиум во Франции

Завершением месяца стало яркое выступление на IronMan Vichy 70.3 (Франция). Команда, в составе которой были генеральный секретарь ФТКР Елена Лыжина-Полченкова и член технического комитета Камиля Сыздыкова, заняла второе место, укрепив имидж Федерации и вдохновив коллег на новые достижения.

Кыргызстан всё громче заявляет о себе в мировом триатлоне, и впереди ждут новые рекорды и свершения. Каждый старт доказывает: вместе мы сильнее. Федерация, тренеры и спортсмены — единая команда, которая вдохновляет и двигает наш спорт вперёд.

Сегодняшние достижения — это пример для будущих чемпионов. Мы верим, что всё больше молодых атлетов будут вдохновляться триатлоном, открывать для себя новые горизонты и поднимать имя Кыргызстана на пьедесталы мировых арен.


Дайджест: август 2025

Август айы Кыргызстан триатлон федерациясы үчүн окуяларга жана спорттук жетишкендиктерге бай болду. Биздин ышкыбоздор Өзбекстанда, Россияда, Чехияда жана Францияда өткөн эл аралык деңгээлдеги мелдештерге катышып, татыктуу жыйынтыктарды көрсөтүштү жана кыргыз триатлонунун дүйнөлүк аренадагы абалын бекемдешти.

Кыргызстан триатлон федерациясы бардык катышуучуларды ийгиликтүү жыйынтыктары менен куттуктап, алдыдагы старттарда жаңы жеңиштерди каалайт!

Төмөндө ФТКР мүчөлөрү жана командасы катышкан мелдештер боюнча кыскача маалымат берилет.

Азия чемпионаты — Кыргызстанга эки алтын

Истанбул шаарында триатлон боюнча олимпиадалык аралыктагы Азия чемпионаты өттү.

Кыргызстан триатлон борборунун машыктыруучулары дароо эки алтын утуп, даярдыктын жогорку деңгээлин жана руханий күчтү далилдешти:
 • Андрей Ханадеев — 2:40:57
 • Артём Шапилов — 2:17:54

Самарканддагы жеңиш

Августтун башында Challenge Samarkand мелдеши өтүп, ага  Федерациянын мучолору катышышты.
 • Денис Лыжин — 4:55:21
 • Юлия Морозова — 6:44:49 (Challenge Samorin дүйнө чемпионатына слот утуп алды)

Алтайдагы экстремалдуу жарым аралык

ФТКР мүчөсү Кубат Алымкулов Алтайда (Россия) өткөн өзгөчө оор шарттагы мелдешке катышты. Сынак табигый шарттары менен айырмаланды.
Кубат трассанын жүрүшү тууралуу эмоцияларын бөлүштү:
 • Сууда сүзүү: таңкы саат 5те от жанындагы шамандык ырымдан кийин старт, суунун температурасы 11–12°. Даярдык жана тажрыйбанын аркасында Чейбекөл тоо көлүндөгү старт ишенимдүү өттү.
 • Велосипед тебүү: кооз Чүй трактында өтүп, бийиктикке чыгуу ~1000 м.
 • Жүгүрүү: чыныгы сыноо — 23 км, анын 16 км тоого чыгуу (1700 м бийиктик терүү) менен Акташ ретрансляторунун чокусунда финиш.

«Эң оор жери — жүгүрүү болду, азык 2 саатка эсептелген, бирок жол 4 сааттан көпкө созулду», — деди Кубат.

Чехиядагы ийгиликтер

Кыргызстандык триатлеттер IronMan 70.3 Hradec Kralove (Чехия) мелдешине да катышышты. Натыйжалар:
 • Мырзабек Орумбаев — 05:13:46
 • Мурат Ашимов — 05:20:39
 • Байкал Малдыбаев — 06:26:37
 • Канат Курманов — 06:27:31

Франциядагы подиум

Айдын жыйынтыгында IronMan Vichy 70.3 (Франция) мелдешинде ийгиликтүү чыгыш болду. ФТКРнын башкы катчысы Елена Лыжина-Полченкова жана техникалык комитеттин мүчөсү Камиля Сыздыкова курамындагы команда экинчи орунду ээледи. Бул Федерациянын аброюн бекемдеп, кесиптештерди жаңы ийгиликтерге шыктандырды.

Кыргызстан дүйнөлүк триатлондо барган сайын катуу үнүн угузууда. Ар бир старт: “Бирге болгондо — күчтүүбүз” дегенди далилдейт. Федерация, машыктыруучулар жана спортчулар — биздин спортту алдыга жылдырган бирдиктүү команда.

Бүгүнкү жетишкендиктер — келечектеги чемпиондор үчүн үлгү. Биз ишенебиз: барган сайын көп жаш атлеттер триатлонго кызыгып, жаңы горизонторду ачып, Кыргызстанды дүйнөлүк аренада даңазалашат.


Другие новости