Федерация Триатлона Кыргызской Республики
Главная О федерации
Федерация Триатлона Кыргызской Республики

Федерация Триатлона Кыргызской Республики была основана 1 апреля 2015 г. Официально признана Национальным Олимпийским Комитетом и Международным Союзом Триатлона как официальная федерация.

Является полноправным членом Азиатской Конфедерации по Триатлону (ASTC) с 11 июня 2015 года и членом Центрально-Азиатской Ассоциации Триатлона (САТА) со 2 марта 2019 года. На данный момент является одной из самых молодых федераций в Кыргызстане. Прошла аккредитация в Государственном Агентстве по делам молодежи, физической культуры и спорта при ПКР в сентябре 2017 года.

Федерация Триатлона Кыргызской Республики является общественным объединением с членской формой правления. Члены Федерации – граждане Кыргызской Республики, которые заинтересованы в развитие триатлона, спорта и здорового образа жизни. Президент, Генеральный Секретарь и Вице-Президенты назначаются на выборах Общего Собрания на 4 года, раз в год отчитываются за проделанную работу перед ним же.

Федерация Триатлона старается достигнуть баланса в развитие профессионального и любительского спорта. Постоянно проводятся семинары и курсы по повышению квалификации среди тренеров, судей, администрации и организационного состава.

Триатлон – это вид спорта, совмещающий в себя сразу три циклические дисциплины: плавание, велосипед и бег. Уникальность его заключается в том, что все три дисциплины спортсмен обязан пройти без перерыва и за определенный временной отрезок. Является олимпийским видом спорта с 2000 года. За время бурного развития триатлона в мире появились разные дисциплины: дуатлон, акватлон, кросс-кантри триатлон, аквабайк и др. Также дистанции в триатлоне бывают разные от «Спринт» до длинной или, другими словами, «Железной».

Начиная с 2015 года, мы проводим соревнования по триатлону и другим его дисциплинам на разные дистанции, а количество участников на стартах возросло с 50 человек (2015 год) до 200 человек (лето 2019 года). Так же мы не забываем о самых юных участниках мероприятий и устраиваем для них поощрительные бесплатные забеги или заплывы.

На данный момент в стране функционируют 3 отделения по триатлону, в которых занимаются дети, юноши, пара-атлеты:

  • Г. Бишкек (СДЮШОР «Дельфин»),
  • Г. Кара-Балта (СК «Манас»),
  • Г. Чолпон-Ата.

В федерации проводится огромное количество работ по разработке документов и нормативов, проходит поиск квалифицированных кадров на должности тренеров. Главная цель – становление данного вида спорта в нашей стране. В настоящее время число членов федерации составляет 147 человек, в число которых входят как профессиональные спортсмены, так и любители.

В июне 2017 года Азиатской конфедерацией по триатлону был проведен обучающий семинар по проведению соревнований по триатлону по международным стандартам для судейского и технического состава Федерации Триатлона.

В декабре 2017 года в Кыргызстане совместно с Национальным Олимпийским Комитетом и Международным Союзом Триатлона был проведен обучающий семинар для тренеров (уровень 1), где приняло участие 14 отечественных тренеров. Все они успешно сдали финальный экзамен и работают в указанных отделениях по триатлону. Также некоторые сотрудники участвуют в зарубежных семинарах и курсах.

Федерация инициировала организацию и успешную реализацию национальных курсов по судейству и тренерской деятельности, а для детей и юниоров – вводный курс по антидопингу.

Любители же участвуют в своих стартах по всему миру и на данный момент у нас уже более 30 «Железных» Людей и больше 60 человек, которые прошли Полу-Железную дистанцию.




Кыргыз Республикасынын Триатлон Федерациясы 2015-жылдын 1-апрелинде негизделген. Улуттук Олимпиада Комитети жана Эл аралык Триатлон Союзу тарабынан расмий федерация катары таанылган.

2015-жылдын 11-июнунан тартып Триатлон боюнча Азия Конфедерациясынын толук укуктуу мүчөсү жана 2019-жылдын 2-мартынан тартып Борбор-Азиялык Триатлон Ассоциациясынын мүчөсү болуп саналат. Азыркы учурда Кыргызстандагы эң жаш федерациялардын бири. 2017-жылдын сентябрында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинде аккредитациядан өткөн.

Кыргыз Республикасынын Триатлон Федерациясы - мүчөлүк башкаруу формасына ээ болгон коомдук бирикме. Федерациянын мүчөлөрү - триатлонду, спорт жана сергек жашоону өнүктүрүүгө кызыккан Кыргыз Республикасынын жараандары. Президент, Башкы катчы жана вице-президенттер Жалпы Чогулуштун (Башкы Ассамблея) шайлоосунда 4 жылга дайындалат, жана жылына бир жолу Жалпы Чогулушка жасаган иш үчүн жооп беришет.

Триатлон федерациясы, профессионалдык (кесипкөй) спорттун жана жактыруучу спорттун өнүктүрүүсүндө тең салмактуулукка жетишүүгө аракет кылып жатат. Тренерлер, калыстар, администрация кызматкерлери үчүн семинарлар жана квалификацияны жогорулатуу курстары үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.

Триатлон - бул үч циклдик дисциплиналарды (сууда сүзүү, велосипед тебүү жана чуркоо) айкалыштырган спорттун түрү. Спортчу үч дисциплиналарды тең үзгүлтүксүз жана белгилүү бир убакыттын ичинде бүтүрүшү бул анын уникалдуулугу. Триатлон, 2000-жылдан бери олимпиадалык спорт түрү болуп саналат. Триатлондун тез өнүгүшү менен, дүйнөдө ар кандай дисциплиналар пайда болду: дуатлон, акватлон, кросс триатлон, аквабайк ж.б. Ошондой эле, триатлондо ар кандай аралыктар бар, эң кыска «Спринттен» башталып, узун же башкача айтканда «Темир» аралыкка чейин айырмаланат.

2015-жылдан бери, биз триатлон жана анын башка түрлөрү жана аралыктары боюнча ар кандай мелдештерди өткөрүп келе жатабыз. Мелдештин катышуучуларынын саны 50 адамдан (2015 ж) 200 адамга чейин (2019 ж) көбөйдү. Ошондой эле, иш-чаралардын эң жаш катышуучулары жөнүндө унутпайбыз жана алар үчүн стимулдаштыруучу акысыз жарыштарды уюштуруп турабыз.

Учурда, балдар жана жаштар үчүн, өлкөдө триатлон боюнча 3 бөлүм бар:

  • Бишкек ш. (СДЮШОР «Дельфин»),
  • Кара-Балта ш. (СК «Манас»),
  • Чолпон-Ата ш.

Федерацияда, документтерди жана стандарттарды иштеп чыгуу боюнча жумуштар жүргүзүлөт, тренерлер кызматына квалификациялдуу кадрларды издөө жүрүп жатат. Федерациянын негизги максаты - мамлекетте спорттун триатлон түрүн калыптандыруу. Учурда федерациянын мүчөлөрүнүн саны 147 адамды түзөт, алардын арасында кесипкөй спортчулар да, спорт жактыруучулар да бар.

2017-жылдын июнь айында Азия Триатлон Конфедерациясы, Триатлон федерациясынын калыстары жана техникалык кызматкерлери үчүн эл аралык стандарттарга ылайык мелдештерди өткөрүү боюнча окуу семинарын өткөрдү.

2017-жылдын декабрь айында Кыргызстанда, Улуттук Олимпиада Комитети жана Эл аралык Триатлон Бирлиги менен биргеликте тренерлер үчүн окуу семинары өттү, семинарга 14 тренер катышкан. Катышуучулардын бардыгы акыркы сынактан ийгиликтүү өтүп, азыркы учурда триатлон бөлүмдөрүндө иштешет.

Триатлон федерациясы калыстар жана тренерлер үчүн улуттук курсту, ошондой эле балдар жана жаштар үчүн допингге каршы күрөшүү боюнча курсту уюштурууну жана ийгиликтүү ишке ашырууну демилгеледи.

Спорт жактыруучулар болсо, өз категориясындагы мелдештерге дүйнө жүзү боюнча катышышат жана учурда бизде 30дан ашык адам "Темир" аралыкты өтүшкөн жана “жарым Темир” аралыкты өткөн 60 адам бар.